Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 23.11.2018 12:09

Таш-Дөбө айылына 15 жыл: Волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн айыл макамын алгандыгына 15 жыл болгондугуна карата райондук деңгээлде волейбол боюнча мелдеш болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, айылда ар бир үйдө дасторкон жайылып, айылдын 15 жылдыгы белгиленди. Аны менен катар жаштардын волейбол боюнча мелдеши өтүп, ага жалпы 7 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунга Таш-Дөбө айылынын командасы ээ болуп, 9 миң сом, 2-орунду Лама айылынын командасы алып, 6 миң сом, 3-орунга Чаек айылынын командасы ээ болуп, 4 миң сом, диплом жана грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×