Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2018 09:46

Жумгалда бир нече күн мурда дарыяга түшүп кеткен 9 жаштагы баланын денеси табылбай жатат

Turmush -  7-декабрь күнү Жумгал районунун Кабак айылында 2009-жылы туулган К.Б. аттуу бала Көкөмерен дарыясына түшүп кетип, денеси азыркыга чейин табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-декабрда саат 14:00 чамасында болгон. 10-декабрь күнү издөө иштерине ӨКМдин №44 өрт-куткаруу бөрүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Учурда издөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×