Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2018 11:42 На русском

Жумгалдын Байзак айылында 2,1 млн сомдук бала бакча ачылды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын Ортоканды аймагындагы эски маданият үйү бала бакчага ылайыкталып оңдолуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

Анын айтымында, аталган бала бакча 50 орунга ылайыкталып жасалып, дем берүүчү гранттын эсебинен 2,1 млн сомго толук оңдоодон өттү. Анын 775 миң сому жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары каржыланган.

«Учурда мугалим, тарбиячылардын штаттык бирдиктери каралып жатат. Азыр 3 сааттык гана бала бакча болуп иштеп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×