Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2018 15:05 На русском

Сүрөт: Жумгалда акимдин орун басары жердешин унаа менен сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда кечээ, 10-декабрда саат 18:30 чамасында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду.

Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Б.Ж. «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаасын башкарып чыккан. Ал Көк-Ой айылынын чыга беришиндеги жолдон чыга калган жылкылардан качам деп, башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, тротуардан күн батышты көздөй бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Анын өздүгү такталып, жергиликтүү тургун — Көк-Ой айыл өкмөтүнүн Көк-Ой айылынын ветеринардык адиси К.Жумабек экени аныкталды. Ал райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жетип каза тапкан.

Кырсык болгон жерде көчө чырагы жок, караңгы болгон. Ал эми автоунаа райондук мамлекеттик администрациясына тиешелүү. Ал унаанын ичинде ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысы У.А. да болгон. Кырсыктан У.А. менен акимдин орун басары жаракат алышты. Жумгал райондук аймактык оорукананын дарыгери С.Султанованын айтымында, учурда жаракат алган 2 адам хирургия бөлүмүндө жатат.

Бүгүн өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов да Жумгал районуна келди. Ал эми жол кырсыкка байланыштуу териштирүү, тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×