Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2018 17:23

Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 1000 сомдук азык-түлүк таратылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 11-декабрда Нарын ОИИБдин кызматкерлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 1000 сомдук азык-түлүк таратышты. Ошондой эле көмүрсүз отурган үй-бүлөгө 4000 сом каражат берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин буйругунун негизинде Нарын ОИИБ тарабынан 2018-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында «Биз биргебиз» акциясы жарыяланган. Анын негизинде Нарын ОИИБдин райондордогу бөлүмдөрү тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардамдар берилип, Нарын шаарындагы көзү азиз Айганыш аттуу кызга көмүр алууга 4000 сом акчалай жардам берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×