Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 13.12.2018 11:20 На русском

«Көмүрдүн мекенинде жашап, арзан отунга жетпейбиз»: Жумгалда жаштар муктаждарга бекер көмүр таратышууда (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунда көмүрдүн баасы кымбат болгондуктан жергиликтүү жаштар жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө бекер көмүр таратып башташты, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Көмүрдүн мекенинде жашап, арзан отунга жетпейбиз. Мындан улам Жумгал районунун жаштары бир катар ишканага кайрылдык. Анын натыйжасында Чаек айылынын Шортон аймагындагы тургундарды арзан көмүр отуну менен камсыз кылып, муктаждарга бекер көмүр таратылып жатат», - деди жаштардын өкүлү Мырзабек Өмүрбек уулу.

Кызарт жана Миң-Куш айылдарында да жаштардын жардамы менен жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө бекер көмүр таратылууда.

«Учурда Жумгалда көптөгөн көмүр менен иштеген ишкерлер бар. Өкмөттү эле карай бербестен жок дегенде жылына бир жолу өзүбүздүн аймактарга арзан баада көмүр таратып, Жумгал элине жеңилдик кылсак болот. Аны менен катар көмүр кендери тарабынан берилүүчү жардамды чыныгы муктаждарга таратсак жакшы болмок», - дейт Жумгал жаштарынын төрагасы Марат Оторбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×