Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 15.12.2018 12:25 На русском

Чаек айылдык кеңешинин төрагасы шайланып, депутаттар мандат алышты (видео, сүрөт)

Turmush -  Эки ирет айыл өкмөт башчысын шайлай албай, үч айыл өкмөт башчысына иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей кызматтан кетиришкен айылдык кеңеш таркоого барган. 2-декабрда шайлоо өтүп, анда жалпы 21 депутат шайланышкан.

Чаек айылдык кеңешинин 29-чакырылышынын 1-сессиясы кечээ, 14-декабрда өтүп, ага жалпы 20 депутат катышып, кеңештин төрагасын, анын орун басарын жана регламентин бекитишти.

20 депутаттын добушун алган Залкарбек Бозбалаев төрага болуп шайланса, анын орун басары болуп Азыкбек уулу Чыңгыз шайланды. Ошону менен бирге жер комиссиясы, финансы, өнөр-жай жана курулуш, укук тармактары боюнча депутаттык комиссиялар дайындалды.

Депутат Марат Оторбаев ишти баштоодо алгач ынтымакка келип, жумуш алып баруу керектегин айтты. Ал эми депутат Барчынбек Орозобеков айыл өкмөтүнө келип түшкөн ар бир арыз-даттануулар кеңештен өтүүсүн, кеңешке келген иш кагаздар сессияда каралуусун айтты.

«Бышкан материалды гана сессияга алып чыгыңыздар. Өзүбүздүн иш кагаздарды иреттеп алалы. Буга чейинки 2 жылдагы иш кагаздардын дайын-оту жок. Айыл өкмөтү иш кагаздарды, токтомдорду илип турган бурч, такта даярдагыла. Токтом, чечимдер жана ар бир сессиядагы видеожазуулар сакталышы керек. Ал айыл өкмөттүн сайтына илинип, жарыяланып туруусу зарыл», - деди Орозобеков.

Сессиянын аягында БШКнын өкүлдөрү жаңы шайланган депутаттарга БШКнын эң алгачкы үлгүдө чыккан төш белгиси менен күбөлүктөрүн тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×