Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 16.12.2018 15:29

44 жаштагы Майрамбек Исаков Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы болду (өмүр баяны)

Turmush -  Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Майрамбек Исаков шайланды. Шайлоо 7-декабрь күнү өткөнүн аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Бул кызматка жалпы 3 талапкер ат салышып, М.Исаков 7 добуш, Мырзабек Орозалиев 2 добуш, Улан Турсунов 1 добушка ээ болгон. Шайлоого 11 депутаттын ону катышкан.

Исаков Майрамбек Мусаевич 1974-жылы 20-декабрда төрөлгөн. Ал 1991-1994-жылдары Нарын педагогикалык окуу жайында билим алып, дене тарбия мугалими кесибине ээ болгон. Андан кийин 1996-2002-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде окуган.

- 1994-1996- жылдары Жумгал районундагы Лама орто мектебинде биология мугалими;

- 1996-2003-жылдары аталган мектептин директорунун орун басары;

- 2003-2008-жылдары Лама айылынын башчысы;

- 2004-2008-жылдары Жумгал айыл кеңешинин депутаты;

- 2016-жылдан баштап 2018-жылга чейин Жумгал айылдык кеңешинин депутаты болгон.

Ал "КРдин айыл чарбасынын отличниги" төш белгисинин ээси. М.Исаев 3 уул жана 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×