Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 17.12.2018 15:02

«Колум ылай болуп калды, жууйм деп...»: Көкөмерен дарыясынан изделип жаткан 9 жаштагы баланын атасы окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Жумгал районунун Кабак айылында 2018-жылдын 7-декабрында 2009-жылы туулган Байзак Какинов Көкөмерен дарыясына түшүп кетип, азыркыга чейин табылбай келет. Бул тууралуу анын атасы Айбек Какинов билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ тарабынан 4 күн издөө иштери жүргүзүлүп, токтотулган.

«ӨКМ тарабынан адистер келип, издөө иштерин 4 күн жүргүзүштү. Бирок алардын колдорунда 1 эле таяктары бар экен. Ар кайсы жерди чукулап, издемиш этип, издөө иштерин токтотуп коюшту. 8 күндөн бери урук-тууган, теңтуштарым менен баламды издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө бир эле бут кийимин таптык. Үмүт деген жаман экен, күндө сууну карап, издөөнү токтотпой келебиз. Уулумдун апасы, чоң апалары сүйлөөгө, маалымат берүүгө күчү жок. Балабыз табылып калса экен деп уктабай деле калдык», - деди А.Какинов.

Маалыматка караганда, кырсык 7-декабрда саат 14:00 чамасында болгон. 10-декабрь күнү издөө иштерине ӨКМдин №44 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

«Байзак 3-класста окучу. Ал ошол күнү мектептен үйгө баргандан кийин айылдагы суу түтүгүнөн суу чыкпай калыптыр. Үйдө суу жок экенин билип, мурдагыдай дарыянын тайыз жеринен суу алып келүүгө кеткен экен. Жанына 2-класста окуган карындашын ээрчитип алыптыр. Дарыянын жээгинен сууну секиге (дөңгө) алып чыгып, "колум ылай болуп калды, жууп келейин" деп кайра барып, ошол бойдон сууга түшүп кетиптир», - дешет жакындары.

Айбек Какинов: «Сууну азыр бурдурдук. Мурда негизи ушундай эле аз акчу. Үй менен дарыядан бөлүнүп аккан сууга чейинки аралык 150-200 метрдей. Суу ошол окуяга чейин бери ашкан экен. Негизи бул жактан көптөн бери эле суу алып иччүбүз. Анда суунун көлөмү аз эле болчу. Айылдагы таза суу түтүгүнөн суу чыкпай калат. Биз жакка суу деле жетпейт. Сууну биз жакка чейин өзүңөр тарттырып алгыла дешкен. Көчөнүн башындагы үй, чарбактарга тартылган. Балдар ошол жакка барып алчу. Эми өкмөттү деле, кимдир бирөөнү деле күнөөлөбөйбүз. Болгону баламды издөөгө жардам бергиле», - деди атасы.

Ал эми Кабак айыл өкмөтү кышында таза суунун башы тоңуп, суу чыкпай каларын жана айылдагы айрым суу түтүктөрдүн чорголору иштен чыкканын билдирди.

Тема боюнча: Жумгал районунун Кабак айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×