Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 17.12.2018 17:37

Жумгалдын Байзак айылындагы хоккей аянтынын курулушу аяктап, муз тоңдуруу иштери башталды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылындагы хоккей аянтынын курулушу аяктап, муз тоңдуруу иштери башталды.

Айыл өкмөт башчысы Каныбек Насыбалы уулу билдиргендей, аталган аянтты ишке берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты каралган. Учурда аянттын айланасы курчалып, борттору орнотулуп бүттү.

«Учурда суу тартып келүү менен муз тоңдуруу иштери башталды. Муз аянты жаңы жылга чейин ишке кирет», - деди ал.

Буга чейин Чаек айылында акыркы 3 жылдан бери хоккей аянты борбордук сейил бактын ичинде жайгашып, колго муз тоңдурулуп, республикалык хоккей мелдештери өтүп келген. Бул ирет мелдеш «Байзак ата» хоккей аянтында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×