Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 18.12.2018 10:18

Кара сөздүн падышасы: Жумгал райондук китепканада жаш китеп сүйүүчүлөр Ч.Айтматовду эскеришти (сүрөт)

Turmush -  14-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Жумгал райондук Советбек Байгазиев атындагы китепканада иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу китепкананын директору Назира Сагыналиева билдирди.

Иш-чарага жаш китеп сүйүүчүлөрү катышып, алар Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү айтып, спектакль коюп беришти. Борборлоштурулган китепкананын директору Назира Сагыналиева иш-чараны ачып жатып, кара сөздүн падышасы атыккан жазуучунун кыргыз элин дүйнөгө тааныткан чыгармалары 180 тилге которулганын белгилеп өттү.

«Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт, деп өз сөзүндө баса белгилеген залкар, алп жазуучу, сыймыктуу замандашыбыз Айтматов Чыңгыз Төрөкулович тирүү болгондо быйыл токсонго чыкмак. Кара сөздүн падышасы атыккан жазуучунун кыргыз элин дүйнөгө тааныткан чыгармалары 180 тилге которулганы баарыбызга маалым. Чыңгыз Төрөкулович өз чыгармачыл дүйнөсүндө кыргыз элинин жашоо тиричилигин так, даана чагылдыра алган. Кыргыздын маданияты менен адабиятын ааламга тааныткан чыгармалары улам кайра жаңыланып басылып чыгарылып, көптөр көксөп окуган кенчке айланды. Дүйнөнү калеми менен багындырган кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун ааламы чексиз, ойчулдун артында чоң мурасы кыргыз элине эле эмес дүйнө элине да кенч болуп калды. Көркөм адабиятты байыткан Айтматовдун эмгектери түбөлүк жан дүйнөбүздө сакталат», - деди Сагыналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×