Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 19.12.2018 09:33 На русском

Нарын дарыясын булгап жаткан мал союучу жайдын ээсине 5 миң сом айып салынды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын Городок аймагында дарыяны булгап жатат деген мал союучу жайдын ээсине 5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Тазабек Мамыров билдирди.

«Мен атайын адистерим менен жерине барып көрдүм. Дарыя жакка саркынды суулардын түшкөн изи бар экен. КРдин Административдик кодексинин 204-беренеси боюнча (жаныбарларды белгиленбеген жерлерде союу) 5 миң сом айып салынды. Аталган жер саркынды суулар төгүлө турчу жай оңдолгонго чейин жабылды», - деди ал.

Ал эми мал союучу жайдын ээси Таалай Дүйшөков бул жерде мурда элдин малы союлуп келгенин, бирок жазында тийиштүү органдардын чечими менен жабылганын айтты.

«Азыр мал-жандыктарды өзүбүзгө деп гана соёбуз. Болгону бир жумасына 3-4 кой, эки бодо мал союуга уруксатыбыз бар. Малдын каны түтүк аркылуу дарыяга куюлуп жатат, деген маалымат чындыкка коошпойт. Мурдагы чуңкурлардан саркынды суулар чыгып жатышы ыктымал. Азыр сойгон малдын каны жаңы казылган жерге чогулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×