Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 19.12.2018 14:09

Жумгалдагы Көкөмерен дарыясына 5 жыл мурун 82,7 млн сомго курулган көпүрө кайрадан оңдолуп жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Кабак айылындагы Көкөмерен дарыясына 2013-жылы 82 млн 700 миң сомго курулган көпүрө учурда оңдоодон өтүп жатат.

Жергиликтүү айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, көпүрөдөн Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу өтөт. Бул көпүрө ал жолго туруштук бере албайт. Мындан улам аны кайрадан оңдоп, көпүрөнүн үстүнө бетон түшүрүп, цементтөө иштери кытайлар тарабынан жүргүзүлүп келет.

«Бул көпүрө бүткөнүнө 5 жылдын тегерегиндей болуп калды. Бирок, эмнегедир ылдый чөгүп, бир жак капталы кыйшайып бара жаткандай туюлат. Эми минтип күздөн бери көпүрөнүн үстүнө цемент төшөп, темирлерди чапташты. Эки капталындагы темирлерди алып, бөлөк темир тосмолорду салышты», - дейт айыл тургуну Айжамал Жаныбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×