Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Нарын облусуЖумгал району 19.12.2018 14:28 На русском

Жумгалдагы жылдын мыкты жетекчилери Египетте эс алууда жүрүшөт (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунда жыл мыктылары аныкталып, 6 жетекчиге Дубайга жолдомо ыйгарылган. Бирок, алар Дубайга эмес, 3 күн мурда Египетке эс алууга кетишти. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

«Себеби, 2 директорубуздун жалпы жарандуулук паспорту мɵɵнɵтүндɵ бүтпɵй, Дубайга виза ачууга кечигип калып Египетке учушкан. Алар Дубайга 6 күн эс алышмак, ал эми Египетте 10 күн эс алып келишет. Алар 16-декабрдан 26-декабрга чейин Египеттин ири шаарларында, кооз аймактарында эс алышат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

«Мыкты айыл өкмөт-2018» наамын алган райондун Куйручук айыл өкмөт башчысы Талантбек Асанов, «Мыкты айылдык кеңештин төрагасы» болгон Замир Байисов жана «Мыкты мектеп директору-2018» наамын алган Баш-Кууганды айылынын Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин директору Аида Батракеева, Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинин директору Карымшак Түнтеев, Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын мурдагы директору Лариса Жансариева эс алууга кетишсе, Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы орто мектебинин директору Токтошүкүр Муталиев өзү барбастан жолдомону окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Айзада Исаевага тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×