Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 20.12.2018 14:09 На русском

Сүрөт — Жумгалдын бай айылында 50 000 долларга чейин курулуп жаткан хан сарайлар

Turmush -  Салыктын көбү көмүр кендеринен түшкөн Жумгалдын Байзак айылындагы курулуп бүткөн жана учурда курулуп жаткан хан сарайларга аймактык кабарчы кызыгып көрдү.

Байзак айылынын борбордук Тенти Бокчубаев көчөсүндө салынган эки кабатуу турак жайлардын алды 10 миң долларга салынса, район боюнча дагы бир эң чоң 2 кабат үй айыл жашоочусу тарабынан курулууда.

Жергиликтүү тургундардын маалыматында, бул үй болжол менен ичинде заманбап жасалгасы жок 30 миң долларга салынган. Үй ичине жылуулук киргизүү, заманбап жасалгалоо менен жалпы 50 миң долларга бүтөт.

Айылда көпчүлүк эл мал багуу жана дыйканчылык менен алектенишет. Айрымдарынын уул-кыздары борбор тарапта архитектор, дизайнер жана жеке ишкерлер. Айылда жаштар көмүр ташуу, сатуу менен алек.

Бул айылда 20га жакын хан сарайлар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×