Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 21.12.2018 14:05

Жумгалдын Байзак айылында элүүдөй тургун жарылган түтүктөрдүн айынан таза сууга жетпей убара тартышууда (видео, сүрөт)

Turmush -  

Жумгал районунун Байзак айылынын Таш-Арык участкасында ушул жылы долбоор менен тартылган таза суунун ийкем түтүктөрү он жерден жарылып, эл таза сууга жетпей убара тартышууда. Алар бул маселе боюнча кимдерге кайрылууну билбей, айылга чогулушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айыл тургуну Каным Киркиеванын билдирүүсүндө, быйыл июнь айында долбоор менен суу тартылган. Тургундар суу тартууга 2000 сомдон жана сууну өз үйлөрүнөн чыгаруу үчүн дагы 2500 сомдон төлөшкөн.

«Ушул Байзак айылынын Таш-Арык аймагы. Союз мезгилинен бери эле бул жакта суу жок болгон. Бул конушка түшкөн тургундар 30 жылдан бери эле сайдан суу ташып ичип келишкен. Бул жылы айыл өкмөтүнө грант келди. Долбоор жазылган эле. Силерге суу тартылат дегенинен сүйүнүп эле акчабызды чогултуп бергенбиз. Суу чыгып баштап эле бир жумадан кийин ийкем түтүктөрү жарылып, ал тешиктерин бүтөгүчө шайлары кетти. Бул аймактагы Жолдошбек Үркүнчиев, Таалайбек Тукеев, Токтогул Макеев жана дагы бир аты жок көчөдө күз айынан бери таза суу жок убара тартуудабыз. Өкмөттүн деле карай турган ниети жок, барып жатып чарчадык. Ушул сууга айына киши башына 9 сомдон төлөйбүз. Акча чогултууга келгенде жанды коюшпайт, пенсия, жөлөк пулубуздан кармап алышат», - деди К.Киркиева.

Ал эми пенсионер Бурул апа көчөнүн аягында жашап, сууну 1 чакырым аралыктан ташып жатат. Ал эс алуу күндөрү 10-15 жолу каттайт.

«Сууну балдарыбыз окууга кеткенде айла жок өзүбүз пенсионерлер ташыйбыз. Кир жууганда 10-15 жолу каттам жасайбыз. Бизди кыйнабай суу чыгарып берип коюшса жакшы болмок.

Кыйкырышып, өкүрүшүп жатып ушул көчөнүн башына 1 суу түтүк чыгарттырдык. Эч ким карабайт, июндан бери суусу жок отурдук. Теңине чейин элүүлүк, андан ары кырктык ийкемдүү түтүктөрү орнотулган. Бир айдан бери көчөнүн башына чыгарган жалгыз түтүктөн суу ичип жатабыз. Анысы да ийкем түтүк менен тартылган», - деди ал.

Чогулган тургундар: «Өкмөт силерге грант келип жатыптыр, жер казгандын, көмгөндүн жана суу тарткандын милдеттерин алсаңар дегенинен тыйын чогултуп, ийкемдүү түтүктөрүн алып бергенбиз. Ар бир үй 2000 сомдон чыгарганбыз. Сууну тарттыруу жумуштарын өзүбүз аткардык. Эмгек акыбызга Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан ун, май берилип жатты. Кийин түтүктөр улам жарылып, 10 жолу казып, оңдоп жаттык. Эми азыр муну эч ким моюндарына албай келишет. Бир деме десең, айыл өкмөт "эл силер күнөөлүүсүңөр" дешет. "Жараксыз түтүктөрдү алгансыңар" дейт», - деп билдиришти.

Бул маселе боюнча айыл өкмөт башчысы Каныбек Насыбалы уулу:

WhatsApp Image 2018-12-21 at 14.21.15

«Келерки жазда кайра бюджеттен акча карап, толук бүткөрмөкпүз. Негизи бул көчөлөргө быйыл 300 миң сом бюджеттен бөлүнүп, жер казуу иштери жүргөн. Ийкем түтүктөрү убагында көзөмөлдөнбөй калган окшойт. Бул түтүктөрдү тургундар өздөрү акча чогултуп алышкан болчу. Казуу иштерине да тургундар тартылган. Азыр бет тырмачылык кылып жатышпайбы. Өздөрү сапатсыз түтүктөрдү алып коюшуптур. Негизи ал участкага такыр суу чыкчу эмес. Мен келгенде таза суу тарттырып чыгарып берели деп, чыгарган элек», - деди.

Тема боюнча: Жумгалдын Таш-Арык участкасына 3 км жерден таза суу тартылууда (сүрөт)

Байзактын чыга беришинде жашагандар суу чоргосу сынып, таза суу ала албай убайым тартышууда (видео, сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×