Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 22.12.2018 11:15

Кызарт ашуусундагы абал: Жол тейлөөчүлөр түнү менен кезметте турушат (сүрөт)

Turmush -  Жумгалдын Кызарт ашуусундагы карды Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин күзөттөгү бөлүмү күнү-түнү тазалап жатышат. Мекеменин жетекчиси Зарылбек Моңошовдун айтымында, кар жааган учурда жолго кум, топурак себүү мүмкүн эмес.

Азыркы учурда жолго кум, топурак себилип, техникалар менен түздөп бүтүштү. Бул ашууда 1 жүктөгүч унаа, 1 автогрейдердин жардамында 6 жумушчу жана мастер күнү-түнү кызмат көрсөтүп жатышат.

«Оор жүк ташыган унаалардын чынжыры жок учурларда жана жүктү ашыкча жүктөгөндүн кесепетинен унаалар ашуудан чыкпай калган учурлар кездешет. Бирок биздин техникалар күнү-түнү иштеп жатат. Ошондой эле 2 автогрейдер Арал—Миң-Куш жана Өрнөк—Сары-Камыш жолдорундагы карды тазалап келишти. Иштерди өзүм көзөмөлдөп турам», - деди З.Моңошов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×