Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 24.12.2018 17:13 На русском

«Кар күрөөгө барган»: Жумгалда 2,5 млн сомдук экскаватор Шортон көлүнө чөгүп кетти

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү 2,5 млн сомго долбоор аркылуу «Амкодор-702ЕА» үлгүсүндөгү экскаватор-жүктөгүч алышкан. Алганына 1 ай боло элек жатып бүгүн, 24-декабрь күнү таңда Шортон көлүнө чөгүп кетти. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Марат Оторбаев билдирди.

Анын маалыматында, бул техника Шортон көлүнүн үстүндөгү карды күрөгөнгө барган.

«Себеби, ал жакка жаштар хоккей аянтын түптөп, ойношмок. Тилекке каршы көл азырынча тоңгон эмес жана оор техникаларды көтөрө албайт», - деди ал.

Бул суу саз көл болгондуктан техниканы чыгаруу азырынча мүмкүн эмес дешет адистер.

Негизи айыл өкмөтү бул техниканы «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Швейцария өлкөсүнүн чакан гранттар программасынын эсебинен алышкан. 1 миллион сом өлчөмүндө грант утуп, жергиликтүү бюджеттен 1589,0 миң сом кошумча салым кошуп, жалпы 2,5 млн сомго алынган техника болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×