Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 25.12.2018 16:23

Жумгалда волейболдо каза болгон окуучунун айылындагы спорт залдын жылуулук системасы жана полу оңдолду

Turmush -  Жумгал районунун Беш-Терек айылындагы спорт залдын жылуулук системасы менен полу оңдолду. Буга чейин аталган спорт залдын жылуулук түтүктөрү тоңуп, жарылып жарактан чыккан жана полу чирип калган. Мындан улам жаштар Кызыл-Жылдыз айылындагы «Ынтымак» спорт ордосуна барып оюндарды өткөрүшчү. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Алтай Муталиев билдирди.

Анын айтымында, айыл жаштары өздөрүнүн чөнтөгүнөн каражат чогултуп, спорт залдын жылуулук системасы менен жарактан чыккан полун оңдошкон.

9-декабрда ушул айылдын мектеп окуучулары спорт залдын иштебегенинен улам коңшу Кызыл-Жылдыз айылына барып топ ойношкон. Балдардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 8-класстын окуучусу каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×