Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 26.12.2018 16:15 На русском

Жумгалдагы дарыгерлер 3 жолу инсульт болгон чоң атаны ооруканага жаткырбай убара кылган. Ак халатчандар өздөрү эмне дешет?

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана райондук аймактык ооруканасынын дарыгерлери айылдан келген пенсионердин ичи өтүп, чыдабай турган абалында кабыл албай чуу чыгарып, бейтаптарга орой мамиле жасашкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга пенсионер Бешкемпир Жумалиевдин кыздары билдиришти.

Алардын айтымында, 16-ноябрь күнү атасы — Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну, пенсионер Бешкемпир Жумалиев кыздары жана карындашы менен аталган ооруканага барган.

Жыпаркүл Жумалиева

WhatsApp Image 2018-12-26 at 13.21.32

«Биз кайрылбаган жер калбады, бул дарыгерлерге сурак жокпу? Элди эмнеге кыйнашат?... Биз райондун борборуна такси жалдап, болгон каражатыбыз менен барсак пенсионер атабызды кабыл алышпай, орой мамиле кылышты. Дарыгерлер түшкү тамактанууга кетебиз деп кабыл алышкан жок. Андан соң бизди жогору жактан окутуп жатышат деп, окуу болуп жаткан бөлмөлөргө кирип кетишти. Ошол бойдон келишкен жок. Кечке маал биз атамды алып үйгө кеттик. Эртеси ишемби, жекшемби күн болгондуктан биз дүйшөмбү күнү баралы деп чечтик. Дүйшөмбү күнү дагы атабыз чыдабай ооруганынан 19-ноябрь күнү бардык, бирок кабыл албай коюшту. Айылдын медайымы бизге мөөр басылган актай кагаз берип жиберишкен, барсаңар жаткырышат дешкен. Ал кагазды оорукана кабыл алган жок. Абалы оор болуп, тамга сүйөнүп отурса "эмне отурасыңар, кетпейсиңерби" деп кубалашты. Атам чыдабай ичи өтүп кетсе "сасытпай кеткиле" деп сөзгө келишкен жок. Ошентип 20-ноябрь күнү такси жалдап дагы алып бардык, атам чыдабай ооруп жатты. Араңдан зорго министрликке телефон чалып жатып, атамды жандандыруу бөлүмүнө жаткырдык. Мыйзамдуу түрдө катуу чара көрүлүшү керек», - дейт пенсионердин кызы Жыпаркүл Жумалиева.

Аталган күнү райондук аймактык ооруканасына ушул оорукананын медайымы Гүлнара Ногойбаева да ооруп келсе, дарыгерлер өздөрүнүн кесиптешин ооруканага жаткырбай убара кылган.

Пенсионер Бешкемпир Жумалиев үч жолу инсуль болуп, ооруканада каттоодо турат. Ал дарыгерлердин мындай кадамдарына нааразы болду.

IMG_20181216_121930

«Үч жыл болгон инсульт алганыма. Ооруканага барсам кабыл албай убара кылышты. Миң-Куштагы карындашым Саламаттыкты сактоо министрлигине телефон чалып жатып, араң дарыланып чыктым. Айылдык дарыгерлер келип карап турушпайт. Аларды чакырсаң келет, чакырбасаң жок. Келгенде акча сурашат», - деди ал.

Бешкемпир Жумалиев жашаган үй

Ал эми пенсионердин дагы бир кызы Жанна Жумалиева дарыгерлер жада калса төрөй турган кош бойлуу аялды да кабыл албай турганын айтты.

WhatsApp Image 2018-12-26 at 13.22.31

«Төрөй турган аялды да карабайт, алар өлөрдө эле келишет. Акча барбы, мунусуна керек деп эле акча сурап турушат. Атам каттоодо турат. Анын 3 кызы, 1 эркек баласы бар. Пенсионерлерге бекер берилүүчү дарыларды кошо сатышат. Апам Зуура 1956-жылы, атам 1947-жылы туулган», - деди ал.

Буга дарыгерлер эмне дейт?

Гүлжамал Апселова

WhatsApp Image 2018-12-26 at 13.20.00

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Гүлжамал Апселова: «Ооба, Түгөл-Сай айылынан бейтаптар келишкен. Алар өздөрүнчө эле албууттанып жатышты. Алгач дарыгер Акыл Нааматовага көрүнүшкөн. Ал анализге жиберди, барышкан жок. Эртеси биз окууга кетип калдык. Анализи жок райондук аймактык ооруканага жаткырышпайт. Дүйшөмбү күнү анализ тапшырбай эле жатышыптыр», - деди.

Акыл Нааматова

WhatsApp Image 2018-12-26 at 13.20.15

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Акыл Нааматова: «Жакшы эле кабыл алып, жүрөгүн тыңшап, өпкөсүн текшерип көрдүк. Картасында эч жазуу жок экен. Мурда көрүнүп жүрбөсө керек. Актай карта менен бизде кабыл албайт, анализ тапшыргыла деп жибергем. Эртеси бизде семинар болуп, окууга кирип кеткенбиз. Түштө чыгып, келе жатсак жулунуп эле телефонго тартып жатышты. Түшүнүгү жок адамдар болот экен. Биз уялдык. Анан кабинетке киргизип түшүндүрүп айттым. "Сүйүн Кадырова деген да дарыгер бар. Жолдомону ушул берет, андан кийин жатасыңар" дегем. Ортодон райондук аймактык оорукананын директорунун орун басары телефон чалып, "министрликтен телефон чалып жатат, бул кишини жаткыргыла" деди. Мен аларды жолдомо берип кой деп Сүйүнгө жибергем. Ал жазып берип, дарыланышты. Булар өздөрү ызылдаган адамдар экен.

Биз бандит болбосок же бирөөнү өлтүрүп салбасак, аркабыздан ээрчип эле сүрөт, видеого тартып жатышты. Дарыгер Сүйүн Кадырова болуп үй-бүлөлүк дарыгерлербиз. Ал дарыгер да, биз дагы бир учурда педиатр, гинеколог, акушер-гинеколог, терапевт болуп иш алып барабыз. Биз бул кесиптерди кошумча окуп келгенбиз», - деп кошумчалады.

Ушундай эле көрүнүшкө Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Жазгүл Асаналиева да туш болгон. Анын айтымында, бейтаптардын арыз-муңдары көп. Алар келерки жашоосун ойлоп жана мындан кийин да дарыгерлердин колуна түшүп каларын билип, бул арыздарды ачык айтуудан коркушат.

Жазгүл Асаналиева иниси ооруп, кан басымы көтөрүлүп тез жардам кызматын чакырса, алар коңшу айылга кетишкенин, ооруканага өздөрү унаа таап алып келиши керектигин айтышкан.

«Дарыгерлер чарчап иштегиси келбесе, бейтаптарды карашпаса анда жумушун өткөрүп берип, эс алып отурушпайбы. Иним ооруганда тез жардам кызматына барсак, алар дароо күзөттөгү дарыгерге жиберишкен. Хирург-дарыгер Таалай Жумабековго барсак, ал "түн уйкумду бузуп, кеч келесиңер" деп орой мамиле кылып жолго салган. Алар бейтапты карап же кеңеш берсе болот да. Ооруп барсаң, алардын мамилелеринен ооруган жериң айла жок басылып, кайра келесиң», - дейт Асаналиева.

Таалай Жумабеков

WhatsApp Image 2018-12-26 at 13.21.00

Ал эми буга хирург-дарыгер Таалай Жумабеков: «Бизде бейтапты карабай коюу болбойт. Антип жолго салбайбыз. Оорукчанга түшүндүрүп айтабыз. Алар сөздүн баарын кошуп айтышат. Биз бул же тигил жерге жатасың дейбиз. "Түн уйкубузду бузуп" деп айтпайбыз. Ошол айткан бейтапты ээрчитип келиңиз», - деп жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×