Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 27.12.2018 08:08

Видео, сүрөт — Жумгалда Шортон көлүнө чөккөн 2,5 млн сомдук экскаваторду чыгарууга мүмкүн болбой жатат, - адистер

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүндө Шортон көлүнө кар күрөөгө барып чөгүп кеткен 2,5 млн сомдук «Амкодор-702ЕА» үлгүсүндөгү экскаватор-жүктөгүчтү жээкке чыгаруу иштери жүрүп жатат. Бирок адистер аны алып чыгуу мүмкүн болбой жатканын билдиришти.

Бул техника алынганына 1 ай боло электе 24-декабрдын таңында Шортон көлүнө чөгүп кеткен болчу. Айылдык кеңештин депутаты Марат Оторбаевдин айтымында, экскаватор-жүктөгүч Шортон көлүнүн үстүндөгү карды күрөгөнгө барган.

«Себеби, ал жакка жаштар хоккей аянтын түптөп ойношмок. Тилекке каршы көл азырынча тоңгон эмес жана оор техникаларды көтөрө албайт», - деди ал.

Айыл өкмөтү бул техниканы «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Швейцария өлкөсүнүн чакан гранттар программасынын эсебинен алышкан. 1 миллион сом өлчөмүндө грант утуп, жергиликтүү бюджеттен 1589 миң сом кошумча салым кошуп, жалпы 2,5 млн сомго алынган техника болчу.

---------------------------------------

Жумгал районунун Чаек айылындагы Шортон көлү жайкысын ак чардак, өрдөк-казга мекен болсо, кышкысын хоккей ойноочу аянтка айланат.

Шортон көлү саздын суусунан чогулган көлмө. Кеминде 2,3 га жерди ээлеген саз көлгө эч ким түшпөйт. Айланасы жайкысын ак чардак, жапайы өрдөк-каздарга толсо, кээде жер которгон ак куу жана турналар да конуп калышат.

FB_IMG_1503418872252

IMG-20170825-WA0058

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×