Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 27.12.2018 08:41

Кара-Кече көмүр казуу ишин 4 күнгө токтотот

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кесими 30-декабрдан 2-январга чейин кен казуу, көмүр ташуу ишин токтотот.

Филиалдын директору Азат Сасыкулов билдиргендей, 26-декабрда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев ишти убактылуу токтотууну кен казуучулар жана көмүр ташуучулар менен жолугушууда белгилеген. Ошондой эле 4 күн көмүр кесиминде тазалоо иштери жүргүзүлөт.

1-декабрдан 26-декабрга чейин Кабак бассейнинен Бишкек жылуулук борборуна 54 миң тоннадан ашык көмүр тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×