Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 27.12.2018 11:03 На русском

Жумгалда ашыкча көмүр жүктөгөн унаалардын ээлери полковник, ар кандай кызматтын башчылары, - көзөмөлдөө пункту

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун аймагындагы көмүр кендеринен көмүр ташыган чоң унаалар чен өлчөмүнөн ашык жүк жүктөп келишет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын адистери билдиришти.

Алардын айтымында, бул көрүнүштү токтотуу үчүн коомдук жайларга атайын кулактандыруу, чакырыктар илинип, чен өлчөмүнөн ашык жүк жүктөгөн унааларды сүрөт, видеого тартып алуу керектиги жазылган.

Арал транспорттук көзөмөлдөө пунктунун кызматкери Аскар Чоро уулунун маалыматына караганда, бул пункттан 1 күндө 25-80ге чукул унаа көмүр тартып өтүшөт.

«Ашыкча салмак салынган унааларга протокол түзүлөт. Анын айып пулу 1 айдан кийин төгүлөт. Бир унаа көмүрү менен 40 тонна болушу керек. Токтобой өткөндөр болот, акт түзүп Жумгал РИИБге беребиз. Арал өткөрмө пунктунан 1 күндө 25-80ге чукул унаа өтөт. Ар бир унаадан 250 сом өлчөмдө каражат алынат. Аларды 1 жумада бир чогултуп банк аркылуу которобуз», - деди Чоро уулу.

Ал эми башкармалыктын жетекчилиги көмүр кендери «Хово» унааларына көмүрдү толо үйүп салып, ашыкча салмак менен коё берип жатканына нааразы болушууда.

«Жумгалдагы көмүр кендери унааларга ашыкча салмак жүктөлсө да коё берип жатышат. Көбү милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп эле өтүп кетип жатышат. Ал жерден токтотуп коёлу десе, биздин балдарда курал жок, кубалаганга болбойт, жаңжал чыгарууга болбойт. Пунктагылар ээн талаадан ызылдаткысы келишпейт. Органдарың акча-сакча берип карматып, кестирип жиберишпейби. Таразадагы балдар деле коркушат.

Видеокөзөмөл бар, бирок аны көрүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок. Камераны министрликтин алдындагы агенттик көзөмөлдөйт. Ашыкча салмакка тыюу салынган. Мисалы, унаанын өзүнүн салмагы 15 тонна, 10 тонна көмүр салышы керек же жалпы салмагы 26-27 тонна болушу керек. А, булар жүктү үйгөндө 35 тоннага чыгып кетип, жолдун баарын талкалап жатышат. Алардын ээлеринин баары жөн кишилер эмес да, "мен, мен" деген кишилердин унаалары. Полковник, ар кайсы кызматтын башчылары, милиция кызматкерлери, органдын башчылары бар. Тигил жакта иштеген милиция кызматкерлери "жогору жактан тапшырма берилет, ошолордун унааларын эле чыгарабыз" деп жооп беришет», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×