Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 27.12.2018 17:32

Жумгалда кош бойлуу келиндер декреттик өргүү үчүн бир жолу берилүүчү жөлөк пулга кандай документтерди чогултушат?

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда боюнда бар келиндер декреттик өргүү үчүн берилүүчү жөлөк пулду кантип алышат? Аймактык кабарчы Кабак айылынын тургуну, кош бойлуу Кенжегүл Муктарбек кызы менен райондун борборуна келип, бир жолу берилүүчү өкмөттүн жөлөк пулуна документ тапшыруу үчүн ага кандай иш кагаздары керек экенин жана канча убакыт корой турганын, кандай убаракерчилик болорун чогуу аныктады.

Дыйкан чарбанын мүчөсү болгон келин өзүнүн төркүнүнүн жери боюнча жөлөк пул ала алат. Ал эми эч бир жерде катталбаган жарандар райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү тарабынан жумушсуздук статусу менен алышат.

Аталган келинге төмөндөгү иш кагаздар керектелди:

- келиндин өз атасынын жер китебинин көчүрмөсү;
- дыйкан чарба боюнча каттоодон өттү деген күбөлүктүн көчүрмөсү;
- салык кызматынан жеке ишкерликке катталган эмес деген маалымкат;
- салык кызматынан өз атасынын салыкка карызы жок деген маалымкат,
- социалдык фонд башкармалыгынан жерге болгон карызы жок деген маалымкат;
- ооруканадан кош бойлуулугу тууралуу маалымкат;
- айыл өкмөтүнөн үй-бүлөсү тууралуу маалымкат;
- паспорттун көчүрмөсү.

Эгер соцфонддо жерине карызы бар болсо ага маалымкат берилбейт. Салык кызматында да ушундай, жеке ишкерлигинде жана турак жай, транспорт боюнча карызы болсо келинге маалымкат берилбейт. Ошондой эле аталган кызматтарда 1 маалымкатка 4 адис кол коет. Салык кызматынын башчысынын колу жок жаратпайт, башчы келгиче күтүшөт. Орун басары кол койсо социалдык өнүгүү башкармалыгы жаратпайт. Маалымкаттар бекер берилет.

Ал эми жумушсуз катары каттоодо тургандар үчүн:

- ооруканадан кош бойлуулугу тууралуу маалымат;
- кандайдыр бир жерди белекке же ижарага алып иштетсе нотариус аркылуу түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
- эмгек, миграция бөлүмүнөн жумушсуздугу тууралуу маалымкат;
- айыл өкмөтүнөн аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турат жана балдарына жөлөк пул алат деген маалымкат;
- паспорт көчүрмөсү керектелет.

2018-жылдын 18-сентябрындагы өкмөттүн №424 токтому боюнча дыйкан чарбанын мүчөсүнө 6000 сомго чейинки, жумушсуз жарандарга 5000 сомго чейин жөлөк пул берилет.

Алыскы айылдардан такси менен келип кеткен убактыларын, түшкү тамактануу учурларын эске албаганда бул документтерди топтоого, кезек күтүүгө болжолдуу 2 күн убакыт кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×