Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 28.12.2018 10:38

Жумгалдагы Шортон көлүнөн 2,5 млн сомдук экскаваторду алып чыгышты

Turmush -  Кар күрөө үчүн Жумгал районундагы Шортон көлүнө айдап барышкан үлгүсүндөгү экскаватор-жүктөгүч сууга чөгүп кеткен болчу. Аны 4 күндөн бери чыгарууга мүмкүн болбой жаткан.

Кечээ, 27-декабрда аны суудан чыгаруу үчүн айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 трактор, 1 ГАЗ-53 унаасынын жардамы менен №43 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу иштеди. Жыйынтыгында техника суудан чыгарылды, деп билдирди ӨКМ.

Бул техника алынганына 1 ай боло электе 24-декабрдын таңында Шортон көлүнө чөгүп кеткен болчу. Айылдык кеңештин депутаты Марат Оторбаевдин айтымында, экскаватор-жүктөгүч Шортон көлүнүн үстүндөгү карды күрөгөнгө барган.

«Себеби, ал жакка жаштар хоккей аянтын түптөп ойношмок. Тилекке каршы көл азырынча тоңгон эмес жана оор техникаларды көтөрө албайт», - деди ал.

Айыл өкмөтү бул техниканы «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Швейцария өлкөсүнүн чакан гранттар программасынын эсебинен алышкан. 1 миллион сом өлчөмүндө грант утуп, жергиликтүү бюджеттен 1589 миң сом кошумча салым кошуп, жалпы 2,5 млн сомго алынган техника болчу.

---------------------------------------

Жумгал районунун Чаек айылындагы Шортон көлү жайкысын ак чардак, өрдөк-казга мекен болсо, кышкысын хоккей ойноочу аянтка айланат.

Шортон көлү саздын суусунан чогулган көлмө. Кеминде 2,3 га жерди ээлеген саз көлгө эч ким түшпөйт. Айланасы жайкысын ак чардак, жапайы өрдөк-каздарга толсо, кээде жер которгон ак куу жана турналар да конуп калышат.

FB_IMG_1503418872252

IMG-20170825-WA0058

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×