Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Нарын облусуЖумгал району 28.12.2018 12:09 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Кийизге сүрөт түшүргөн М.Сайнидиновдун эмгектери 20 000 сомго чейин бааланат (сүрөт)

Turmush -  Максат Сайнидинов 1981-жылы 1-январда Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында туулган. Учурда Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акыев орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет.

Билими жогорку. Ал 2003-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин көркөм сүрөт жана моделдештирүү факультетин аяктаган. Кесиби боюнча мугалим. Максатка талант ата-энесинен калган. Атасы Абыласан Сайнидинов уста жана сүрөтчү болсо, апасы Бактыгүл Үсөналиева колунан көөрү төгүлгөн чебер ууз киши.

«Ата-энем экөө тең мугалим. Апам бар. Атам көзү өтүп кеткен. Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын. Үйдүн улуусу болом. Мектеп жашынан эле сүрөт тартып келем. Учурда көбүнчө кийизди көркөм иштетүү менен анан интерьердин дизайны менен алекмин. Кол өнөрчүлүктүн аркасы менен жаш муундарга билим берүүдөмүн. Учурда К.Акыев атындагы орто мектепте көркөм өнөр жана технология боюнча балдарга сабак берем», - деди М.Сайнидинов.

Максаттын колунан жасалган буюмдар жана сүрөт, азем белектердин алды 20 000 сомдон, арты 200 сомго чейин бааланып сатылат. Ошондой эле буйрутма менен да иш алып барат.

Максат үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын дипломанты жана жергиликтүү бийликтердин ардак грамоталарынын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×