Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 02.01.2019 11:48

Жумгалдагы көлгө чөккөн 2,5 млн сомдук экскаватор чыгарылып, иштеп баштады (видео)

Turmush -  Жумгал районунун Шортон көлүнө чөгүп кеткен экскаватор чыгарылды. Бул тууралуу Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Айгүл Токтоналиева билдирди.

Анын маалыматында, ӨКМдин жана элдик кошуундун өкүлдөрүнүн жардамы менен экскаватор көлдөн чыгарылып, учурда айыл өкмөттүн ичиндеги жолдорду кардан тазалап жатышат.

Бул окуяга райондук прокуратура, райондук мамлекеттик администрациясы катуу эскертүү берип, тез арада чыгаруу тапшырмасын беришкен. Аны суудан чыгаруу үчүн айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 трактор, 1 ГАЗ-53 унаасынын жардамы менен №43 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу иштеген. Жыйынтыгында техника суудан чыгарылган.

Айдоочу экскаватор сууга чөккөн соң аны жүргүзүш кыйын болоорун айткан, бирок суудан чыккан техника бир аз убакыттан соң текшерүүдөн өтүп, жүрүп кеткен.

Бул техника алынганына 1 ай боло электе 24-декабрдын таңында Шортон көлүнө чөгүп кеткен болчу. Айылдык кеңештин депутаты Марат Оторбаевдин айтымында, экскаватор-жүктөгүч Шортон көлүнүн үстүндөгү карды күрөгөнгө барган.

«Себеби, ал жакка жаштар хоккей аянтын түптөп ойношмок. Тилекке каршы көл азырынча тоңгон эмес жана оор техникаларды көтөрө албайт», - деди ал.

Айыл өкмөтү бул техниканы «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Швейцария өлкөсүнүн чакан гранттар программасынын эсебинен алышкан. 1 миллион сом өлчөмүндө грант утуп, жергиликтүү бюджеттен 1589 миң сом кошумча салым кошуп, жалпы 2,5 млн сомго алынган техника болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×