Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 03.01.2019 10:49

Байзак айылында муниципалдык ишкана ачылып, таштанды чыгаруучу унаа алынды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылында «Таза Кайырма» муниципалдык ишканасы ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Каныбек Насыбалы уулу билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл-Нарын жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү фондуна долбоор жазуунун натыйжасында таштанды чыгаруучу атайын техника алынып келинген. Эми таштандыларды чогултуп кетүү иштери башталат.

«Таштанды чыгаруучу техника 2,5 млн сомго алынды. Анын 350 миң сому жергиликтүү бюджеттен, ал эми калган каражат фонддон бөлүндү. Айылда таштанды чыгаруу иши алгачкы ирет башталды. Эми муниципалдык ишкананы жандандырып, дагы кошумча техникаларды алууну пландап жатабыз. Айылдын ар бир бурчуна, кесилиш жолдорго таштанды урналары же таштанды чогултуу жайлары курулат», - деди К.Насыбалы уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×