Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 12.01.2019 17:44 На русском

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Turmush -  Бүгүн, 12-январда Жумгалдагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бул кызматка бир гана талапкер катталган.

Шайлоого жалпысынан Чаек айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын ичинен 19 эл өкүлү катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алымкулов Рустам Темиркулович 19 добуш топтоп, айыл өкмөт башчы болуп шайланды.

Шайлоодон кийин жаңы айыл өкмөт башчыга 1 жылдык мөөнөт берилип, 37 талаптан турган келишим түзүлгөн. Эгерде жетекчи 1 жыл ичинде ишинин жыйынтыгын көрсөтпөсө жумуштан алышат.

45 жаштагы Р.Алымкулов буга чейин «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасында эмгектенген.

--------------------------------------------------------------------

Чаек айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Темирбек Чилпаков өз арызы менен 2018-жылдын август айында кызматынан кеткен. Маалым болгондой, Темирбек Чилпаковдун үстүнөн айрым депутаттар арызданып, маалымат жыйын өткөрүүгө чейин барышкан. Бирок жергиликтүү кеңештин көпчүлүк депутаттары айыл өкмөт башчысынан кызматында калууну өтүнүшкөн. Ал эми айыл өкмөт башчы иштөөгө тоскоолдуктар болуп жаткандыктан өз арызы менен кетүүгө мажбур болгон.

Т.Чилпаков 2018-жылдын 12-февралында 21 депутаттын ичинен 13 эл өкүлүнүн добушуна ээ болуп, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган болчу. Ага чейин Бектен Кадыров 1 жылга жетпей айыл өкмөт башчылык кызматын араздашуудан улам өткөргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×