Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 14.01.2019 17:23 На русском

Сүрөт — Хоккей менен дүйнө кезген машыктыруучу С.Тыналиев Кореядан кошумча билим алып келген

Turmush -  Хоккейдин мекени болгон Жумгал жергесинде бала кезден Шортон көлүн күрөп, чыйрак болуп чоңойгон райондун Кызыл-Жылдыз айылынын 27 жаштагы тургуну Саламат Тыналиев жаш хоккейчилерди тарбиялоо үчүн Кореядан кошумча машыктыруучулук билим алып келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Хоккейди катыра ойногон Саламат Тыналиев 1992-жылы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Үй-бүлөдө 5 бир тууган, 1 эжеси, 3 карындашы бар. 1999-жылы Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясына 1-класска кирип, аны 2010-жылы аяктаган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алып, 2015-жылы педагог кесибин алып чыккан.

«Хоккейге башыбызды салып алгандан кийин 2014-жылы хоккейчи балдарды машыктырышым керек экен деп, Кореяга бардым. Машыктыруучулук боюнча кошумча окуп келдим. Ал жактан сертификат алып, борбор калаабыздагы муз аянтчасында иштеп калдым. Ошондон тарта балдарды хоккей жактан машыктырып келем. Менде жаш өспүрүмдөр менен чоң балдардан турган "Кыргыз темир жолу" командасы бар. Чоң командам менен 2015-жылдан бери Кыргызстандын чемпионатында 2-3-орундарды алып келебиз. Жумгалда 2015-жылы өткөн турнирде 1-орунду алганбыз. Андан башка турнирлерде байгелүү орундарды камсыздоого жетиштик», - деди С.Тыналиев.

Саламат 3-класстан бери хоккей ойноп келет. Анын бул тармакка аралашуусуна агасы — хоккей чемпионаты Рамис Жуматаев таасир берген.

«Муз тээп жүргөндө камышка тайгаланып, башым менен жерге кулап, эсимди жоготуп койгом. Эртеси турсам эле үйдөмүн, бирок кайра эле хоккей ойноого чыккам. Бала кезимден эле хоккей ойноп келем, 3-классымдан баштадым. Анда байкем Рамис Жуматаев мага коньки алып берип, ошондон бери кызыгуум күч алган. Менин хоккейге байланып калуума Рамис байкем түрткү болгон. Азыр деле кеп-кеңеш алып турам. Байкеме терең ыраазычылык билдирем.

2000-2001-жылдары Шортон көлүндө катуу мелдештер өтчү. Айылда мурун кар аябай калың жаачу. Шортон көлүндө хоккей ойноо үчүн калың карды күрөөгө чыкчубуз. Байкемден "үйдүн карын күрөбөй, Шортондун карын күрөйсүң" деп көп тил укчумун. Жалгыз эркек небере болуп айылда атам, байкемдердин үйлөрүндөгү, жалпы 3 үйдүн мал-жандыктарын жайлап, сугарып, чөбүн салчу элем. Шортон көлүндө хоккей оюндары болуп калганда кээде бир үйдүн малын жайлабай көп тил уккам. Кийин ушундай жетишкендиктерге жетишип, хоккейге байланып калганда баары кечирим сурашкан (күлүп)», - деди ал.

Саламат: «8-класста мектепте окуп жүргөндө эле чоң атамдын наамында Тыналы Жуматаев атындагы хоккей командасын түзүп чыккам. Жумгалдын ичиндеги чемпионатта 3-орунду орун алгам. Ошол жеңиш, медаль мен үчүн баардыгынан бийик. 2018-жылы жаш өспүрүмдөрдөн куралган командам АКШнын Чикаго шаарында өткөн турнирде 1-орунду алып келди. Ал жеңишибиз менен мурдагы өкмөт башчы С.Исаковдун колунан сыйлык алдык. Ал сыйлык мага өтө түрткү болду, кызыгуумду күчөттү. Ошону менен хоккейге кошкон салымым үчүн Хоккей федерациясынан ыраазычылык кат жана "Жумгал районунун ардактуу атуулу", "Кызыл-Жылдыз айылынын ардактуу атуулу" наамдарын алдым.

Хоккей деп жүрүп үй-бүлөмдү деле көрбөй калдым. Кыш мезгилинде хоккей, мелдеш, машыгуу деп түнкү саат 12:00гө чейин жүрүп, мындайча айтканда үйгө "квартирант" катары эле түнөш үчүн барып калдым (күлүп). Команда менен Казакстан, АКШ, Кувейт жана Японияда болдук. Эми 31-мартта Дубай шаарында мелдеш өтөт, ага даярданып жатабыз. Балдарга хоккей формасын алып берсек эле мотивация болот. Жакында демөөрчүлөр аркылуу кичи мекеним Кызыл-Жылдыз айылында хоккей командасын өркүндөтүү үчүн хоккей ойногон балдарга форма, коньки, таягын алып бергени жатабыз», - деди.

Ал учурда үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×