Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 15.01.2019 15:41

Байзактагы жүздөй түтүн 25 жылдан бери үй-жайына документ ала албай убара (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын аймагындагы жүзгө чукул түтүн эл үй-жайына, огород жерлерине документ ала албай убара тартып келишет. Бул тууралуу Т.Тукеев көчөсүнүн жашоочусу Каным Киркиева билдирди.

Анын айтымында, аталган аймактагы жерлер үй-жай куруу үчүн 1994-жылы бөлүнгөн. Андан бери 25 жыл өтсө да жерге болгон чечим чыкпай келет. Мындан улам жашоочулар ар кыл жардам, насыялардан кур калышууда.

«Үй-жайга документ ала албайбыз. Мындан улам пайызы аз насыялар берилбей келет. Ал кезде төрөлгөн балдарыбыз 25 жашка чыкты. Азыр аргасыз оокат кылыш үчүн пайызы көп насыяларды алабыз. Өкмөткө барганда деле жооп жок. Үй-жайыбызды камсыздандыра албайбыз. Бирок, пенсия, жөлөк пулдарды убагында алып келебиз. Айыл өкмөттүн чарба китебинде барбыз, жашап жатат деген маалымкаттар берилет. Кирешеге киргизүүгө огороддор эсептелинип, айрымдарында жер китептери бар. Бирок, жүзгө жакын түтүн мыйзамдуу документ ала алган жокпуз. Арабызда өкмөттө иштегендердин чечимдери бар. Бирок, карапайым элдики жок. Ушуга ким жардам бере алат?», - дейт К.Киркиева.

Ал эми Байзак айыл өкмөтү бул аймактагы жерлер өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери болгондукттан учурда ал трансформацияга бериле электигин айтышты. Бирок, документтер мыйзамдуу түрдө сунушталып берилгенин, өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе экенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×