Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 17.01.2019 16:04

«Тагдыр»: 3 баласы менен төркүнүндө жүргөн Жыпаркүл уул-кызын балдар үйүнө өткөрдү

Turmush -  Жыпаркүл Жумалиева Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылынын тургуну. Анын жолдошу 4 ай мурда көз жумуп, учурда 3 баласы менен төркүнүндө күн кечирип жатканын Turmush басылмасына билдирген болчу. Ошондой эле ал балдарына жөлөк пул чектелбей жатканын айтып, жергиликтүү бийликке нааразы болгон.

Атасы Бешкемпир Жумалиев 1947-жылы туулган. Ал 3 жолу инсульт алып төшөктө болсо, апасы Зуура Жумалиева 1964-жылы туулган, төшөктө жаткан оорукчан абышкасын карап үйдө.

Жумгал райондук эмгек, миграция жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Аида Бектурганова Жыпаркүл Жумалиеванын балдарына жөлөк пул январь айынан баштап чегерилгенин, бирок жалгыз бой эне 2 баласынан баш тартып, аларды балдар үйүнө өткөрүп бергенин айтты. Эми ал өзүндө калган кичүү баласына гана жөлөк пул аларын кошумчалады.

«Жөлөк пул январь айынан баштап чегерилген. Алгач бизге келгенде документтери толук эмес жана балдары өзүнүн колунда эмес болчу. Декабрда документ тапшырган. Январь айынан тартып алып баштамак. Көйгөй деле жок. Мурда Turmush басылмасынын кабарчылары кайрылып, Жыпаркүл тууралуу айтышкан эле. Мен тапшырма берип, бул үй-бүлөнү карагыла, жөлөк пул чегерип бергиле деген элем.

Андан тышкары демөөрчүлөр жардам берип калса деп, документтерин даярдап койгонбуз. Эне жана балдарды коргоо бөлүмү балдарды каттоого алышкан. Биз жөлөк пул чектегенден кийин Жыпаркүл эки баласынан баш тартып жатпайбы. Эми балдарга жөлөк пул чектелгенин билип алып, аларды алып кетем деп жатат. Бирок төшөктөгү атасы, апасы жана Жыпаркүлдүн иниси да балдардан баш тартышкан. Учурда 1 эркек, 1 кызы балдар үйүндө. Жөлөк пулун эми (2 баласына) балдар үйүнө которобуз. Ал эми бир баласына ала берет», - деди А.Бектурганова.

Ал эми Жумгал райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлнара Абакирова: «Бизде райондо коллегия болуп, бул үй-бүлө тууралуу Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек Кудайбергенов маселе көтөргөн. Себеби, ага чейин социалдык кызматкер айыл тургуну Ж.Жумалиева балдарды бакпайм, мага кереги жок, көчөгө таштайм деп айтканын билдирген болчу. Биз комиссия менен барсак үйүндөгү атасы Бешкемпир Жумалиев оруйт экен. Балдарга тынчтык бербейт. Балдардын жашоосу өтө оор, суу менен эле нан жешет экен. Балдарга бала бакчага барасыңарбы десек экөө барабыз, кетебиз дешти. Ошол жерден биз акт түзүп, эки баланы Чаек айылындагы "Нур-Булак" балдар үйүнө киргиздик. Балдардын кийимдери да жок экен. Улуу кызы 8 жашка келсе да окуй элек. Аны азыр башталгыч класска киргиздик. Экинчи уулу Нурбекти (аты өзгөртүлдү) бала бакчага киргизели деп жатабыз. Буларды азыр 6 айга эле убактылуу деп киргиздик. Бул балдарга жөлөк пул чектелиптир. Эми жөлөк пулу токтотулду, себеби балдар мамлекеттин карамагына өттү. Ал эми кичүү баласына жөлөк пул ала берет.

Мурда күнү энеси Ж.Жумалиева балдарды алып кетем, кайын эжеме берем деп келиптир. "6 айга чейин коё тур. Азыр суук, күн жылысын, балдар да окубай калыптыр. Бизде 6 ай болуп турсун. Ага чейин өзүң отурукташып калсаң беребиз" деп түшүндүрдүк», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×