Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 18.01.2019 17:20

Жумгалда баш байгеге 100 миң сом коюлган көк бөрү өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында облустук деңгээлде көк бөрү оюну болуп өттү. Бул тууралуу Жумгал ат оюндары федерациясынын төрагасы Нурлан Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, мелдештин баш байгеси 100 миң сомду түзгөн.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга «Суусамыр» командасы, 2-орунга Нарындын «Теңир-Тоо» командасы, 3-орунга Жумгалдын «Чоң-Дөбө» командасы чыкса, 4-орунду Кочкор районунун командасы жеңген.

Андан тышкары «2018-жылдын мыкты оюнчулары» наамдары берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×