Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2019 10:12

Жаңы шайланган Чаек айыл өкмөт башчысы Р.Алымкулов жамааты менен таанышты (өмүр баяны)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчылыгына 12-январда шайлоо өттү. Анда көпчүлүк добуш менен жалгыз талапкер Алымкулов Рустам Темиркулович Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Р.Алымкуловго БШКнын буйругу 18-январда чыгып, район акими, БШКнын өкүлдөрү жана депутаттар аны жамаат менен тааныштырды.

Өмүр баяны:

Рустам Алымкулов 1974-жылы 23-июнда Чаек айылында туулган. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен тоо инженери жана электр механик кесибин алып чыккан.

Эмгек жолун 1999-2001-жылдары жеке ишкерлик менен баштаган.

- 2001-2003-жылдары «Рэм Экспо» ЖЧКда мастер;
- 2003-2004-жылдары «Рэм Экспо» ЖЧКда инженер;
- 2004-2006-жылдары «Рэм Экспо» ЖЧКда директордун орун басары;
- 2006-2008-жылдары «Демилге плюс ЛТД» көмүр ишканасында тоо мастери;
- 2008-2010-жылдары «Демилге плюс ЛТД» көмүр ишканасында участканын башчысы;
- 2010-2014-жылдары «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында директордун орун басары болуп иштеген;
- 2016-2018-жылдары Чаек айылдык кеңешинде депутат болуп шайланып, коомдук иштерде эмгектенген.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×