Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2019 12:32

Чаектиктер жаңы башчыдан жаш бала чөгүп кеткен ачык дренажды жаптырууну талап кылышты

Turmush -  Жаңы шайланган Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов кечээ, 21-январда алгачкы иш сапарында райондун борбордук бөлүгүн кыдырып, тургундар менен жолукту.

Маалым болгондой, Э.Матыев жана Т.Турсунбаева көчөлөрүнүн тургундары 10-15 жылдан бери чечилбей келе жаткан дренаж маселесин жана Э.Матыев көчөсүнүн астынан өткөн суу түтүгү толуп, көчөнү жыл сайын суу каптап, турак жайлардан жаракалар кетип, пайдубалдар жарылып жатканын айтышты.

«Бул жердеги ачык дренажды көп жылдан бери жаптыра албай келебиз. Үстүн жаап, жабык дренаж жасабаса, бир нече жыл мурун жаш бала чөгүп кеткен. Көптөгөн коркунучка кабылып келебиз. Кооптонгонубуз эле ушул. Ушул дренажды жабык кылып куруп берүүңүздү суранабыз», - дешти тургундар.

Тургундардын суроолоруна ӨКМдин кызматкерлери да жооп берип жатты. Ал эми Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов келерки жылы дренаж курула тургандыгын убада кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×