Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 29.01.2019 11:51

Жумгалдын Беш-Терек айылында спорттун бир нече түрүнөн мелдеш өткөрүлдү (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Беш-Терек айылында 1985-жылы туулган жигиттердин демилгеси менен спорттун бир нече түрүнөн мелдеш өткөрүлдү.

Айылдык кеңештин депутаты Алтай Муталиевдин айтымында, мелдештин жалпы фонду 25 миң сомду түзгөн. Спорттун волейбол, гиря көтөрүү жана таяк тартыш оюндары өткөн.

Чаек айылдык кеңешинин депутаттары жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Былтыр 9-декабрда ушул айылдын мектеп окуучулары спорт залдын иштебегенинен улам коңшу Кызыл-Жылдыз айылына барып топ ойношкон. Балдардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 8-класстын окуучусу каза болгон.

Бул иш-чараны өткөргөн жаштар айылдыктарды сергек жашоого үндөп, окуучуларды спорт залда ойноого чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×