Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 29.01.2019 12:11

Жумгалдагы аз камсыз болгон 5 үй-бүлөгө 10 баштан кой, дагы бир үй-бүлөгө 60 000 сом берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы аз камсыз болгон 6 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, демөөрчү тарабынан 5 үй-бүлөнүн ар бирине 10 баштан жалпы 50 баш бооз койлор берилди. Ошондой эле Көк-Ой айылындагы Ишенбек кызы Кыялга 60 миң сом жардам көрсөтүлдү. Анын үй-бүлөсүнөн 3 адам каза болгон.

Жардамды тапшыруу иш-чарасына район акими Адыл Сапаров катышып, алар мындан ары чарбасын өркүндөтүп кетсин деп тилек кылды.

Жардамга кой алган үй-бүлөлөрдүн тизмеси:

1. Асылкүл Апендиева, Көк-Ой айылы;

2. Турусбек Капсаламов, Арал айылы;

3. Чыгарбек Кыдыралиев, Кызыл-Жылдыз айылы;

4.Темирлан Суранчиев, Чаек айылы;

5. Улукбек Назарбек уулу, Байзак айылы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×