Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 31.01.2019 09:00

Түспөлдөш: «Ералаш» атка конгон Тилекти жердештери өз ысымынан таанышпайт (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын 25 жаштагы тургуну Тилек Асанбек уулун жердештери белгилүү британиялык актёр Руперт Александр Ллойд Гринтке жана атайын жаш балдарга арналып тартылган «Ералаш» кыска тасмаларындагы актёр Павел Степановго окшоштурушат. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Тилек Асанбек уулу 1994-жылы 10-январь күнү Миң-Куш айылында төрөлүп, ушул эле айылдагы Жусуп Сары уулу атындагы орто мектебинен билим алган. Мектепти бүткөн соң Бишкек шаарындагы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен имараттарды-курулуштарды куруу жана аны пайдалануу боюнча билим алып чыккан. Учурда аталган айылда электрик болуп эмгектенет.

«Менин балалыгым жогоруда аталган айылда өттү. Мектепти ийгиликтүү аяктап, жогорку окуу жайдан да билим алып, сүйгөн кесипти да алып чыктым. Учурда айылымда электрик болуп эмгектенем жана айылдагы жаштар уюмунун мүчөсүмүн.

Кичинекей кезимде аябай тентек жана тың бала болчумун. Ошол кезде баарыбыздын сүймөнчүгүбүзгө айланган "Ералашты" бир дагы сериясын калтырбай көрчү элек. Классташтарым жана жердештерим мени аталган кыска юмордук тасмадагы Павел Степановго окшоштуруп, мага "Ералаш" деген ат коюп коюшкан. Ошондон азыркы күнгө чейин мени "Ералаш" деп аташып, Тилек деп сөз болсо "кайсы Тилек?" деп эч ким тааныбайт. Ошондой эле мени "Гарри Поттер" тасмасындагы Гарринин досу Рон (кинодогу ысымы), белгилүү британиялык актёр Руперт Александр Ллойд Гринтке окшоштурушат. Досторум актёр экөөбүздүн сүрөтүбүздү жасап, "бул бир тууганың кайда?" деп тамаша кылып калышат.

Негизи өзүм жөнөкөй, токтоо мүнөз, тамашакөй баламын. Бирок эмнегедир башкалардын жанына барып, токтоо сүйлөсөм эле мени карап күлө беришет. Ошондо "чындап эле алар окшоштурган актёрлорго окшошмун го" деп коём. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Эң улуу агам экөөбүз окшошпуз. Бирок аны жогорудагы актёрлорго окшоштурушпайт», - деди ал.

Тилек Асанбек уулу жумушунан тышкары хоккей жана көк бөрү оюндарын ойнойт. Ал көк бөрү боюнча «Кызыл сөөк» командасын түзгөн жана хоккей командаларынын оюнчусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×