Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 01.02.2019 18:20 На русском

Байге фонду 400 000 сом: Жумгалда хоккей боюнча VII республикалык турнир өтүп жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл аймагындагы 1 млн сомго курулган хоккей аянтында бүгүн, 1-февралда хоккей боюнча VII республикалык турнирдин ачылыш аземи өттү. Кечээ, 31-январда башталган турнир 2-февралда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Аталган турнирге өлкө аймагынан жалпы 15ке чукул курама команда катышып, мелдеш кызуу өтүп жатат.

Ачылыш аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, район акими Адыл Сапаров, Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу, Хоккей федерациясынын өкүлү Мурат Жакыпов жана айыл аксакалдары, спортчулар, жаштар катышып, кызыл тасма кесилди.

Облус башчысы А.Кайыпов турнирди ачып, спортчуларга ийгилик каалады.

«Дүйнө жүзүндөгү хоккей командаларындай жана кыйын спортчулардай болуп Кыргызстандын желегин көтөрүп, кыргызды чет жакка тааныткан хоккейчилер болот деген ойдомун. Негизинен хоккейдин мекени бул – Теңир-Тоо. Хоккей Жумгалдан, Байзактан башталган. Хоккей өнүгүп келе жатат. Кыргызстандан Теңир-Тоодон чыккан хоккей боюнча командалар бар. Алардын 70-80%ы Теңир-Тоодон чыккан. Хоккейди өнүктүрүү үчүн Жумгал району дагы ар бир айылга хоккей аянттарын ачып башташты. Нарын шаарына дагы жеке демөөрчүлөрүбүз жайы, кышы дагы ойной турган жабык хоккей аянтын ачышты. Мелдештин катышуучуларына ийгилик каалайм», - деди А.Кайыпов.

Ал эми Жумгал району боюнча спорт конструктору Рахат Абышов Vll турнирдин байге фонду 400 миң сомду түзгөнүн айтты.

«Учурда жалпы 13 команда катышып жатат. Ысык-Көл облусунан 2 команда жана Бишкек шаарынан "Кыргыз темир жолу" командасы, Нарын районунан "Кеңеш" командасы, Кочкор районунан "Ормон хан" командасы, Ат-Башы районунан "Ат-Башы" командасы жана Жумгалдан Миң-Куш, Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Байзак жана Чаек айылдарынан командалар келишти. Кыздардын курамынан түзүлгөн жалгыз команда бар.

Турнирдин жалпы байге фонду 400 миң сом болсо, аны "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы, дагы башка көмүр ишканалары менен Байзак айыл өкмөтү, айылдык кеңеши биргеликте каржылап, ысык тамак, жатакана маселелери чечилген», - деди Р.Абышов.

1-орунга 40 000 сом, 2-орунга 30 000 сом, 3-орунга 20 000 сом, 4-орунга 10 000 сом, андан тышкары мыкты калыс, мыкты оюнчулар жана башкаларга сыйлык берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×