Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 02.02.2019 12:47 На русском

Сүрөт, видео — Жумгалдагы VII республикалык турнирге катышкан жалгыз кыздар командасы

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айыл аймагындагы хоккей аянтында 31-январдан 2-февралга чейин хоккей боюнча VII республикалык турнир өтүп жатат. Турнирде 13 команда ат салышса, анын ичинде кыздардан түзүлгөн жалгыз курама команда бар.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, кыздардан түзүлгөн команда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Отрадное айылындагы «Шапак баатыр» хоккей клубунан келишкен.

Командада жалпы 15 кыз бар, ал эми турнирге катышууга 10 кыз келген.

1. Махабат Асекова — 2003-жылы төрөлгөн;

2. Элвира Колеева — 2005-жылы туулган;

3. Нургиза Асаева — 2003-жылы төрөлгөн;

4. Маанай Бектурганова — 2002-жылы төрөлгөн;

5. Нурайым Кенжебаева — 2003-жылы төрөлгөн;

6. Зарина Карыбаева — 2005-жылы төрөлгөн;

7. Сезим Доктурбаева — 2005-жылы төрөлгөн;

8. Элина Жеңишбекова — 2000-жылы төрөлгөн;

9. Динара Байкалмакова — 1999-жылы төрөлгөн;

10. Акылай Исаева — 2005-жылы төрөлгөн.

Кыздар командасынын машыктыруучусу Саламат Абдрахмановдун айтымында, эркек балдарга караганда кыздардын хоккей оюнуна болгон кызыгуусу жогору. «Бизде кыздар мурдатан эле хоккей ойношот. 4 кызыбыз шорт-трек спорту боюнча катышып жүрүшчү. Кыргызстанда шорт-трек спорту өнүкпөптүр. Бишкекке барып, ар кайсы райондор менен жарышып көрдүк. Бирок тең-тайлашууга кыздар командасы жок болуп жүрдү. Анан бул кыздар эркектер командасы менен аралашып жүрүп эле хоккейчи болуп кетишти. Алар биринчи жолу Чолпон-Ата шаарында ойношту. Кийин «Чолпон-Ата» хоккей командасында ойногон Таалай Сүйүнбаев деген бала «силерде кыздар командасы бар турбайбы, даяр команда экен» дегени бизге аябай түрткү болгон. Кыздардан команда чыгарабыз деп айтып чыктык. Кыздар балдарга караганда жакшыраак катышып, муз үстүндө жүрүү көңүлдөрү жогору экен. Арасында 3 жылдан бери ойноп жүргөндөр, быйыл жаңы баштаган кыздар да бар. Ал эми хоккей тармагын ушул сезондо баштадык», - деди С.Абдрахманов.

16 жаштагы хоккейчи Махабат Асекованын айтымында, Кыргызстанда кыздардан түзүлгөн команда жок болгондуктан, алгачкы болуп чыгуу максатын коюшкан. Башка оюнчу Нурайым Кенжебаева муз үстүндө жүргөнүнө 5 жыл болгонун жана ага коньки тебүү абдан жагарын айтты. Ошондой эле ал башка кыздарды дагы хоккей ойноого чакырарын баса белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×