Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 07.02.2019 16:00 Жаңыланды: 07.02.2019 19:07 На русском

«Жеңеке»: Кайын журтундагы сынакта 13 жылдан бери «Мыкты келин» наамын жеңген Бегайым байгеге жылкы уткан (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 37 жаштагы Бегайым Сарыгулова.

Б.Сарыгулова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт айылында 1979-жылы туулган Чоробек Сарыгуловго турмушка чыккан. Жолдошу кесиби боюнча экономист, учурда жеке ишкерчилик менен алектенет.

«Жолдошум экөөбүз 2005-жылы баш кошуп, түтүн булатып келе жатканыбызга 14 жылдын жүзү болду. Экөөбүздү анын классташы, менин курсташым болгон Жылдызбек тааныштырган. Алгач таанышканда бири-бирибизди жактырып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. Жолдошум камкор, боорукер, калыс сөзүн айткан, эң башкысы мени түшүнгөн адам», - дейт Б.Сарыгулова.

Анын айтымында, жаңы келин болуп келгенде күлкүлүү окуялар көп болгон.

«Мен өзүм үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан көп бир туугандуу жана атасы бар балага турмушка чыксам деп тилечүмүн. Ошол тилегим ишке ашып, ошондой үй-бүлөгө эң кичүү келин болуп калдым. Менин кайын журтумда кайнагам жыл сайын сынак уюштурат. Анда «Жылдын мыкты эркек бир тууганы», «Мыкты карындаш», «Мыкты күйөө бала», жана «Мыкты келин» деген номинациялар ыйгарылат. Ошол сынакта 4 абысындын ичинен «Жылдын мыкты келини» деген наамды 13 жыл катары менен жеңип келе жатам.

Бул сынакта кайненем менен кайнатам калыс болушат. Дагы жашыруун добуш берүү деген бар. Бир жыл ичинде бири-бирибизге ата-энебизге кылган мамиле жана сый көрсөтүү боюнча өтөт. Ошого жараша байгелер дагы берилет. Мисалы, бир кайын сиңдим «Жылдын карындашы» деген наамга ээ болуп, байгесине унаа утуп алган. Мен «Мыкты келин» наамына татыктуу болуп, байгесине жылкы утуп алгам. Күйөө балабыз дагы сыйлыкка ээ болуп, байгесине бодо мал алган. Байгелерди эң улуу кайнагам коёт.

Бир жолу бир туугандар адаттагыдай ата-энебиздин үйүндө чогулганда кайнагам сынак уюштуруп, ким жубайын, колуктусун эң жакшы мактаса, жеңүүчүгө сыйлык берилерин айтты. Сынакта кезеги менен бардык бир туугандарыбызды угуп чыктык. Жолдошум эң кичүүсү болгондуктан эң аягында чыгып, мени жакшы сөздөр менен мактап, баарын таң калтырып, аягында Бек Борбиевдин «Жубайыма» деген ырын аткарып берип, баарын жеңип кеткен. Ошентип жолдошум экөөбүз тең жеңишке жеткенбиз.

Мен ушундай ынтымактуу үй-бүлөгө келин болуп келгениме абдан кубанам. 14 жылдан бери кайненемден бир дагы жолу катуу сөз уккан жокмун», - дейт ал.

Бегайым Сарыгулова сот системасында иштегендиктен кийин судья болууну кыялданат. Учурда алардын эки уул, бир кызы бар. Улуусу Нурболот Жээнбеков 2006-жылы туулган, №5 улуттук-компьютердик гимназиянын 6-классынын окуучусу. Экинчи уулу Марлен Жээнбеков 2009-жылы туулган, ал дагы №5 улуттук компьютердик гимназияда 3-класста окуйт. Ал эми кызы Алима Жээнбекова 2011-жылы туулган, №6 гимназияда 1-класста билим алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×