Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 08.02.2019 13:56 На русском

Акимдин орун басары жердешин унаа менен сүзүп өлтүрдү. Маркумдун жакындары кылмыш ишин токтотууну өтүнүшкөн

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун акиминин орун басары унаасы менен сүзүп өлтүргөн тургундун жакындары кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнүч арыз менен ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган материал бүгүнкү күндө сотко кароого жиберилген.

«Аталган окуя боюнча өз ара чечишип алышкан. Тактап айтканда, маркумдун жакындары айдоочуга эч кандай дооматыбыз жок деп элдешип алышкан. Алардын өтүнүч арызынын негизинде бул материал артка кайтарылган. Бирок айдоочуга чара көрүү, юридикалык жактан баа берүү үчүн материал сотко жиберилген», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Окуя тууралуу:

Нарын облусунун Жумгал районунда 2018-жылдын 10-декабрында саат 18:30 чамасында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болгон.

Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Б.Ж. «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаасын башкарып чыккан. Ал Көк-Ой айылынын кире беришиндеги жолдон чыга калган жылкылардан качам деп, башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, тротуардан күн батышты көздөй бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Анын өздүгү такталып, жергиликтүү тургун — Көк-Ой айыл өкмөтүнүн Көк-Ой айылынын ветеринардык адиси К.Жумабек экени аныкталды. Ал райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жетип каза тапкан.

Кырсык болгон жерде көчө чырагы жок, караңгы болгон. Ал эми автоунаа райондук мамлекеттик администрациясына тиешелүү. Ал унаанын ичинде ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысы У.А. да болгон. Кырсыктан У.А. менен акимдин орун басары жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×