Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 09.02.2019 14:51 На русском

Жумгалдыктар таштанды жайына айланган базарды өкмөткө кайтарууну суранышат (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун тургундары, аксакалдар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары таштанды жайына айланган «Аурдин» базарын өкмөткө же элге кайтарып берүүнү өтүнүшөт. Бул тууралуу жергиликтүү активист Данияр Бектемиров билдирди.

Анын айтымында, базардын жери ижарага берилип, кийин соода жайына айланган. Жердин арткы бөлүгүнө жайкы базар курулуп, бирок акыркы 15-20 жылдан бери талкаланып, кароосуз калган. Ошондой эле мал сарай жана таштанды жайына айланган.

«Базардын алдында курулган 10дой кичи дүкөндөрдүн ар бири 3500-5000 сомдон ижара акысын берсе, чоң бөлүгү кийим базар катары иштеп, анда кеминде 15ге чукул соодагер соода кылат. Тазалык сакталбай же оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн бул базарды жергиликтүүлөр өкмөткө кайтарып берүүнү талап кылабыз. Чаек айылында бала бакча, мектеп же маданий борборлорду курууга жер жок. Ал эми бул базардын короосу кенен. Эмнеге аны пайдаланууга же кайтарып алууга болбосун?», - деди Д.Бектемиров.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов: «Аталган базардын документи айыл өкмөттө жок экен. Бул базардын жери качан, ким тарабынан берилгени, канча сомго бааланганы жана башка иш кагаздары жок. Кайсы бир жылы өкмөттүк комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзгөн. Бирок ага базардын ээси келген эмес. Учурда базардын өкүлү менен соодагерлер бирге уруксат албай, өз билемдик менен дүкөндөрдүн алдына кошумча темир тосмолорду куруп алышкан. Алардын ар бири мыйзамдуу иш кагаздарын алуусу керек. Жер муниципалдык жерлер, алар өз билгендерин кылбашы керек. Айыл өкмөттөн дүкөндөрдү куруу учурунда уруксат алышкан эмес. Жакын арада базардын ишин дыкат иликтейбиз», - деди Р.Алымкулов

Кийинчерээк аймактык кабарчы базардын өкүлү менен телефон аркылуу байланышканда ал бул базарды учурда Арстанбек Абдылдаевдин кызы көзөмөлдөй турганын айтты. Бирок анын кызы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Чаектеги «Аурдин» базары уй сарайга айланды

Жумгалдагы кароосуз калган базар унаа токтотуучу жайга айланды

Жумгалдын борборундагы «Аурдин» базары талкаланып, киши баспай турган жайга айланды, - жергиликтүүлөр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×