Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 12.02.2019 11:51

Жумгалда көк бөрү оюну уюштурулду (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүндө көк бөрүчүлөр жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен райондук деңгээлде улак тартыш оюнун уюштурушту, деп билдирди аймактык кабарчы.
Оюнга Жумгал, Кызарт, Куйручук, Таш-Дөбө, Өрнөк, Миң-Куш, Байзак айылдарынан командалар келип катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Байзак командасы алып 8000 сом, 2-орунду Куйручук командасы алып 6000 сом, 3-орунду Миң-Куштан келген команда ээлеп 4000 сом менен сыйланса, 4-орунду Таш-Дөбө командасы ээлеп 2000 сом менен сыйланды.

Байзак айылынан ардагер көк бөрүчүлөр да катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×