Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 12.02.2019 14:14

Жумгалда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси каралды

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында ата-энелердин жыйыны болуп өттү. Анда жаш өспүрүмдөр арасында болуп жаткан кылмыш иштерин, кырсыктарды жана балдарга болгон орой мамилени жөнгө салуу боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарага Жумгал районунун акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева, райондун прокурору Талантбек Койчуман уулу, Жумгал РИИБдин башчысынын орун басары Сыргак уулу Максат жана жаш өспүрүмдөр боюнча инспектор Каныбек уулу Адилет катышты. Алар ата-энелерден балдарга болгон мамилени жакшыртуу, аларга көңүл буруу, ошондой эле кылмыш жана кырсыктардын алдын алууга көмөктөшүү иштери боюнча суроолорду узатышты.

Андан тышкары мугалимдердин балдарга болгон орой мамилеси жана окуучулардын сабатсыздыгы, мугалимдердин жоопкерчилиги сыяктуу маселелер каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×