Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 13.02.2019 11:36

Байзактагы айыл аксакалы таза суу түтүгүнөн малын сугарган тургундарга нааразы (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгалдын Байзак айылында ары өткөн, бери өткөн кишинин көзүн сагалаган уйлар көчөдөгү эл иче турган таза суу түтүгүнөн сугарылат.

Айылда болжолдуу жыйырмага жакын таза суу чыга турган суу түтүгү болсо, анын дээрлик баарында аштоо (мал-жандыктарга жем, суу берилүүчү темир чоң идиш) коюлган. Бул аштоого суу толтурулуп, мал-жандыктарын сугарышат. Айрымдары аштоону түз эле суу ага турган жерге коюп алышкан. Мындай көрүнүшкө кээ бир тургундар нааразы болушууда.

Акылбек аттуу айыл аксакалы айылга жакын сай бар экендигин жана тургундар ал сайга барып малын сугарбай, эң оңой жолун таап алышканын айтты.

«Тазалык сакталбайт жана мал-жандыктарына сууну беймарал агызып коюп ичиришет. Малдан жуга турган оорулар таза суу менен түзмө-түз жугушу мүмкүн. Айылга жакын сайдан келген, тоодон түшкөн суулар бар. Аларга барып сугарышпайт, себеби бул жер оңой да», - деди ал.

Жумгал райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери адам иче турган суу түтүктөн мал-жандыктардын сугарылышына каршы экендигин билдиришти.

«Себеби, бактерияларды, ичеги-карында мите курттардын пайда болуусун жана башка ооруларды чакырышы мүмкүн», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Каныбек Насыбаалы уулу бул көрүнүш боюнча маалымат жок экендигин, тиешелүү адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөрүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×