Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 14.02.2019 11:26 На русском

Үч жээн небересин тарбиялаган Ж.Кенжешова гумжардамдан кур калып жатканына нааразы (видео, сүрөт)

Turmush -  55 жаштагы Жийдегүл Кенжешова 2 топтогу майып, пенсионер. Учурда Жумгал районунун Байзак айылында жашайт. Ата-энеси каза болгон 3 баланын таенеси. Ал айылдын социалдык кызматкеринин ишине нааразы.

«Айыл өкмөткө барып, "көмүргө муктаж эмесмин, жалган отчетторуңарды токтоткула" дедим. Мен айыл өкмөткө эмес, анын социалдык кызматкери Дария Байтемировага нааразымын. Керек болсо жардамдан баш тартуу боюнча кат жазып берейин дегем. Соцадис Д.Байтемирова ал-акыбалды, жетим балдардын жашоо турмушун сурабайт. Анын айынан элге берген ун, көмүр жардамдардан кур калабыз. Анын үстүнөн канча арыз бар. Элдин баары эле кызматтан кетире албай коюшту», - деди Ж.Кенжешова.

Эки көзү көрбөгөн Эльвира Кадыркулова жолдошу 62 жашка чыкса да пенсия албарын жана ага айыл өкмөттү күнөөлөрүн айтты.

«Булар жөн эле шылтоо таба беришет. 2 жылдан бери пенсия ала албай жаткан күйөөм Качкын Сасыкуловго пенсия чектөөгө көмөктөшкөн эмес. Кичине мөңкөйүп калган кишилерге ушундай мамиле кылышат, а чуркап койгон кишилердин аркасынан калышпайт», - деди Кадыркулова.

Ал эми Байзак айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Күчмуратов айыл тургундарынан Дария Байтемировага карата көп арыз, даттануулар болгонун, буга чейин айыл өкмөт башчысына кызмат абалын кароо боюнча депутаттар сунуш келтиргенин билдирди.

Райондун прокурору Т.Койчуман уулу аталган жетим балдарды баккан үй-бүлө менен жолуккан учурда бул маселени дыкаат иликтеп, аталган адиске чара көрүлөрүн белгилеген.

Бул айыптоолорго социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис Дария Байтемирова каршы, ал өзүн мыйзамдуу иш алып барып жатканын айтты.

«Мени кетсин деп, чурулдаган адамдар кыйкыра берсе эле кызматым чечилбейт да. Мен мыйзам чегинде иштеп жатам. Бизде эки адис барбыз, 8-9 үй-бүлөнү социалдык кызматкер карайт. Мен тиешелүү учурда эле барам, күндө барганга акым жок. Мага карата айтылган пикирлер жөн гана көрө албастык, ичи тардыктан келтирилген сөздөр дейм. Мурда да өзүнүн кызына жөлөк пул чектеген деп айыпташкан. Ооба ал чындык кызыма чектеп бергем, себеби ал учурда көчүп, тентип жүргөндөргө жөлөк пул чектелчү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×