Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 15.02.2019 12:17

Чаекте арыктардын жоктугунан борбордук көчөлөр көлчүк болуп калат, - тургун (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын борбордук көчөлөрүнүн жээктериндеги арыктар каралбай калып, учурда такыр эле жок болуп кеткен. Акыркы ирет көчөлөргө асфальт төшөө иштеринде жол менен кошо көмүлүп калган. Анын айынан кар, жан-чачындын суулары жөө адам баса турган жолдорду каптап калат. Борбордук көчөлөрдүн мындай кейиштүү абалын айылдын тургуну Гүлжамила Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, айылдын борбордук көчөлөрүнөн басууга мүмкүн эмес. Райондук социалдык фонд, акимчилик, сот, прокуратура мекемелеринин, банктардын жана соода-сатык жайларынын алды арыктардын жоктугунан суу, көлчүккө толуп калат.

«Мындай көрүнүштү карап отурууга мүмкүн эмес. Айыл өкмөт тарабынан ирригациялык жерлер, арыктар, суу өтө турган түтүктөр каралбайт. Мыйзамсыз курулуштар көп. Арыктарды бузуп, жер менен теңдеп салышкан. Көчөгө асфальт төшөө иштеринде социалдык фонд мекемесинин аймагындагы арыктар асфальт менен кошо көмүлүп жол болуп калган. Буга кимдер жооп берет?»,- деди Г.Садырбекова.

Ал эми айыл өкмөттүн орун басары А.Токтоналиева арыктарды калыбына келтирүү маселеси караларын жана арыктардын көмүлүп калышына кимдер күнөөлүү экендигин аныктап чыккандан кийин жооп берерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×