Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 15.02.2019 13:50

Жумгалдагы тургундар эл суктанган Теке азыр таштандыга толуп, менчикке өткөнүнө нааразы (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Куйручук айылындагы Теке деп аталган жай таштандыга толуп, көзөмөлсүз калууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Улан Карымшаков билдирди.

Анын айтымында, аталган жерден күн сайын өткөн адам таштанды менен көмүр калдыктарына көмүлөт. Аны менен катар бул жерде унаа тыгындары орун алат.

«Бул жайда тоонун түбүнөн чыккан булак бар. Ата-бабаларыбыз аны касиеттүү булак деп таза кармап, мазар катары дагы колдонуп келишкен. Эми учурдагы абалын айтпай эле коеюн. Көмүр тарткан унаалардын айдоочулары ушул жерден тамактанышат. Күндө унаа тыгындары болуп турат. Ал жактагы жерлер, көчөнүн жээктери менчикке берилип ашкана, күркөлөр пайда боло баштады. Бирок, талапка жооп бергидей эмес. Санитардык абалдары деле текшерилбейт. Көзөмөлгө алган бир жан жок. Эмне үчүн чоң жолдун жээктериндеги жерлер буга чейин сатылып, менчикке чыгып кеткен? Түндүк-Түштүк жолу курулса, булар кайда барат? Тоону да тешип башташыптыр», - деди У.Карымшаков.

Айдоочу Жаныбек Ашыралиев бул жер мурда үйлөнүү үлпөт учурунда сүрөткө түшүү үчүн же меймандарды тосууда эң жакшы жай болуп колдонулуп келгенин, бирок азыр таштандыдан арылбай, кооздугу сакталбай калганына өкүнөт.

«Мурда жакшы эле жер болчу. Кийин көмүр тарткандар ушул жерден тамактанышып, ушул жерден унааларын оңдошуп таштандыга айлантышты. Эми Түндүк-Түштүк жолу өтсө, кебетебиз ушинтип турса, жумгалдыктарды ким сыйласын. Үйлөнүү үлпөт тойлордо сүрөткө түшүп, мейман тосордо ушул жерге келип тосуп, анан үйгө алып барчубуз. Азыр кароосуз, көзөмөлсүз турат», - деди ал.

Ал эми аталган жайда жаңы вагонго ашкана куруп алган Амангелди аттуу ишкер бул жайдын мыйзамдуу ээси бар экенин, ал учурда Токмок шаарында турарын айтты. Ал жерди ижарага алып иштетип жатканын ырастады. Ошондой эле ашкананын артындагы ураган тоолорго тиешеси жок экенин билдирди.

Аймактык кабарчы Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Асановго кайрылганда ал аталган аймактагы жолдун жээгиндеги жерлер мурдагы айыл өкмөт башчыларынын учурунда менчикке берилип кеткендигин жана алардын колунда чечимдери бар экенин билдирди.

«Ал жерди текшергенбиз. Азыр жерлер берилбейт. Бул ашкананын орду мурдагы айыл өкмөт башчыларынын убагында менчикке чыгарылып берилген экен. Эми биз эч кандай чара көрө албайбыз. Ал эми тазалыгы боюнча эскертүүлөр берилет, көзөмөлдөйбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×