Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 20.02.2019 07:59 На русском

«Шишип, таанылбай калган»: Көкөмерен дарыясына 9 жашында агып кеткен Байзактын денеси табылды

Turmush -  Жумгал районунун Кабак айылында Көкөмерен дарыясына 9 жашында агып кеткен баланын денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар билдирди.

Алардын айтымында, 2009-жылы төрөлгөн Байзактын денесин 16-февраль күнү туугандары дарыядан таап, жерге беришти. Анын денеси шишип, таанылбай калган.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Окуя 2018-жылы 7-декабрда саат 14:00 чамасында болгон. Байзактын атасы Айбек Какиновдун айтымында, ӨКМ тарабынан 4 күн издөө иштери жүргүзүлүп, токтотулган.

«ӨКМ тарабынан адистер келип, издөө иштерин 4 күн жүргүзүштү. Бирок алардын колдорунда 1 эле таяктары бар экен. Ар кайсы жерди чукулап, издемиш этип, издөө иштерин токтотуп коюшту. 8 күндөн бери урук-тууган, теңтуштарым менен баламды издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө бир эле бут кийимин таптык. Үмүт деген жаман экен, күндө сууну карап, издөөнү токтотпой келебиз. Уулумдун апасы, чоң апалары сүйлөөгө, маалымат берүүгө күчү жок. Балабыз табылып калса экен деп уктабай деле калдык», - деген А.Какинов.

10-декабрь күнү издөө иштерине ӨКМдин №44 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

«Байзак 3-класста окучу. Ал ошол күнү мектептен үйгө баргандан кийин айылдагы суу түтүгүнөн суу чыкпай калыптыр. Үйдө суу жок экенин билип, мурдагыдай дарыянын тайыз жеринен суу алуу үчүн кеткен экен. Жанына 2-класста окуган карындашын ээрчитип алыптыр. Дарыянын жээгинен сууну секиге (дөңгө) алып чыгып, "колум ылай болуп калды, жууп келейин" деп кайра барып, ошол бойдон сууга түшүп кетиптир», - дешкен жакындары.

Айбек Какинов: «Сууну азыр бурдурдук. Мурда негизи ушундай эле аз акчу. Үй менен дарыядан бөлүнүп аккан сууга чейинки аралык 150-200 метрдей. Суу ошол окуяга чейин бери ашкан экен. Негизи бул жактан көптөн бери эле суу алып ичебиз. Анда суунун көлөмү аз эле болчу. Айылдагы таза суу түтүгүнөн суу чыкпай калат. Биз жакка суу деле жетпейт. Сууну биз жакка чейин өзүңөр тарттырып алгыла дешкен. Көчөнүн башындагы үй, чарбактарга тартылган. Балдар ошол жакка барып алчу. Кимдир бирөөнү деле күнөөлөбөйбүз. Болгону баламды издөөгө жардам бергиле», - деген.

Ал эми Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы кышында таза суунун башы тоңуп, суу чыкпай каларын жана айылдагы айрым суу түтүктөрдүн чорголору иштен чыкканын билдирген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×